super.kg logo

Бишкек шаардык мэриясы: "Азык-түлүккө болгон баа жогорулаган жок, мурдагыдай эле"

 
Бишкек шаардык мэриясы тамак-аш продуктуларына болгон баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн базарлардагы жана дүкөндөрдөгү абал менен таанышууда. Бүгүн, 15-мартта мэриянын кызматкерлери, Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин Чүйдөгү, Бишкектеги өкүлдөрү жана Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен борбор калаадагы соода жайларына барышып, мониторинг жүгүзүштү. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Соодагерлерге суроо-талап көп болгон керектүү товарлардын баасын жогорулатпоого жол берөө керектигин эскерттик. Базарларда азык-түлүккө болгон баа жогорулаган жок, мурдагыдай эле. Мисалы "Аламүдүн" базарында ундун килограммы 25 сомдон 35 сомго чейин сатылууда. Нанга болгон орточо баа 10-18 сомду түзсө, сүттүн литри 35-40 сомго бааланууда. 1 килограмм уй эти 350-400 сом, кой эти 330-350 сомду түзөт. Борбор калаадагы башка базарлардагы баалар ушундай эле көрсөткүчтө.
Урматтуу шаар тургундары жана меймандары, кабатыр болбоңуздар! Азык-түлүктүн запасы жетиштүү" - дешти мэриянын маалымат кызматынан.
Кечээ, 14-мартта айрым базарларда азык-түлүк товарларын массалык түрдө сатып алуу болуп, баалар жогорулаган. Кийинчерээк вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргыз өлкөсүндө азык-түлүктөрдүн, калк керектөөчү негизги товарлардын, тамак-аш продуктуларынын запасы жетиштүү экенин айтып, тынчсызданууга, бааларды көтөрүүгө негиз жок деп билдирген.





Бишкек мэриясынын кызматкерлери базарларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
15.03.2020. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жалганды айта бергиле мурдагыдай деп Азиз базарына барчы Курбан разы болсун деп кайтып келесин
anash түзөттү 2020-03-15 16:32:36
16.03.2020. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anash,Сатса эле ала бересинби.Башка жакка бар .Же сени мойнундан байлап атабы.Сага окшогондор которот бааны
15.03.2020. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каякта 25 сомдон ун бар экен ундун кг буну 40сомго чыктыго ошол ундун дарегин айткылачы озум арам
15.03.2020. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дордой базарына да келгилечи бааны коргулочу анан жазасынар
15.03.2020. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ун 35сом болсо даңгал көтөрүлүптүр.
16.03.2020. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аа койчай деген киши жок ушуларгачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: