super.kg logo

Коронавирус Өзбекстанга жетти. Өлкөдө аба жана транспорт каттамдары токтотулуп, билим берүү мекемелери карантинге жабылат

 

Бүгүн, 15-мартта Франциядан Өзбекстанга келген жарандан коронавирус аныкталды. Аны менен учакта 48 жүргүнчү болгон. Жүргүнчүлөр жана 9 экипаж мүчөлөрү дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Ал эми коронавирус менен жабыркаган аялдын үй-бүлөсүндөгү 10 киши өзгөчө көзөмөлдө экенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Коронавирустун өлкө аймагында катталганына байланыштуу Өзбекстан бийлиги 16-марттан баштап бардык билим берүү мекемелери, бала бакчалар үч аптага карантинге жабылсын деген чечим кабыл алды.

Мындан тышкары 16-марттан баштап Өзбекстандын башка өлкөлөр менен болгон аба жана автотранспорт каттамдары жабылсын деген өкмөттүн чечими чыкты. Ал эми темир жол каттамдарын жабуу маселеси 3 күндөн кийин каралмакчы. Ошондой эле Нооруз жана башка массалык иш-чаралар токтотулду деп жазылат маалыматта.

14-мартта Кытай, Түштүк Корея, Италия, Иран, Франция, Испания мамлекеттеринин жарандарына Өзбекстандын аймагына кирүүсүнө тыюу салынган. Ошондой эле аталган өлкөлөрдө болгон Өзбек жарандары, жарандыгы жоктор милдеттүү түрдө 14 күнгө карантинге алынат деген чектөө киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.03.2020. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кудай сактап мындан ары да келбесин го, бирок биздин мамлекет жакшы турду.
15.03.2020. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
bond02,Аллахым мындан кийин да киргизбесин. Баарыбыз дуа кылып турайлы.
16.03.2020. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02, биздин мамлекетте европа менен авиакаттам жок ошон учун
16.03.2020. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусулмандын куралы дуа.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: