super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнө боюнча коронавирустан каза болгондордун жана ооругандардын саны Кытайдан ашып өттү

 

16-мартка карата дүйнөгө кулач жайган коронавирусту дүйнө жүзү боюнча жалпы 167 миң 511 адам жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 606 адам каза болсо, сакайгандардын саны 77 миң 200 адамды түздү.

Вирустун очогуна айланган Кытайда коронавирус менен жалпысынан 81 миң 77 киши жабыркаса, 3 миң 218 адам каза болду, айыккандардын саны 67 миң 843.

Италияда жуктуруп алгандар - 24 миң 747, каза болгондор - 1809, сакайгандар - 2335. Бул көрсөткүч менен Италия вирустун экинчи очогуна айланды. Ал эми коронавирус жайылганы боюнча 3-орунда турган Иранда жуктургандар - 13 миң 938, каза болгондор - 724.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
16.03.2020. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул Коронавирус жок болсо эмнени аңдып калаар экенсиңер. Айткан ушакчы эмес , айтып келген ушакчы дегендей болтат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: