Хабиб Нурмагомедов: "Тони экөөбүздү жөн гана аренага камап койгулачы, ошондо чемпион ким экенин билесиңер"

UFC уюмунун чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов коронавирус чуусунан улам 18-апрелде Нью-Йорк шаарында UFC 249 турниринин алкагында америкалык мушкер Тони Фергюсон менен болчу беттеши жылдырылышы мүмкүн деген имиштерден улам билдирүү жасады.
"Тони экөөбүздү жөн гана аренага камап койгулачы, ошондо чемпион ким экенин билесиңер" деп жазып калтырган орусиялык мушкер өзүнүн социалдык баракчасына.
Маалыматка ылайык, эки мушкердин беттеши буга чейин 4 жолу уюштурулуп, ар кандай себептер менен өтпөй келген. Коронавирус оорусу күчөп жаткандыгына байланыштуу бул беттеш өтөт деп пландалган Нью-Йорк шаарына өзгөчө кырдаал жарыяланып, 500 кишиден көп болуп чогулган иш-чараларды өткөрүү токтотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Азыр жэңесин кийин да жэңесин бир күн келип жеңилип калсаң бирөөлөр үчүн майрам болуп калба. Жакшы сапаттарыңды көрсөткөнгө аракет кыл