super.kg logo

Өкмөт товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизди (тизме)

 

Өкмөт товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматта дүйнө жүзүндө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу калкка социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларынын экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында атайын токтом кабыл алынганы айтылат.

Токтомго ылайык:

  • социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмесине киргизилген социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларына токтом күчүнө кирген күндөн тартып токсон календардык күндөн ашпаган мөөнөткө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилсин;
  • Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги №242 токтому менен бекитилген Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык баалардын максимумдук деңгээлин белгилөө менен мамлекеттик жөнгө салуу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн;
  • Экономика министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей Евразия экономикалык комиссиясын белгиленген тартипте кабарласын; деп айтылат.

    Өлкөнүн ички рыногунда бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон товарлардын ТИЗМЕСИ:

    (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы №789 токтомунун редакциясына ылайык)

    1. Буудай, кара буудай уну
    2. Нан (бөлкө нан)
    3. 2,5-3,2% майлуулуктагы пастерленген сүт
    4. Өсүмдүк майы (күн карама жана пахта)
    5. Каймак май
    6. Эт (уй эти, кой эти, чочко эти)
    7. Кумшекер
    8. Күрүч
    9. Макарон азыктары
    10. Тоок жумурткасы
    11. Картошка
    12. Көмүр
    13. Аи-80 жана Аи-92 үлгүсүндөгү бензин, дизель отуну
    14. Суюлтулган газ






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
17.03.2020. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишинерге ийгилик, эми ушул чечиминер ишке ашып эле бут жерде тынчтык болсо экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: