super.kg logo

Орусия Беларусь өлкөсү менен болгон чек арасын жапты

 

Орусия өкмөтү Беларусь мамлекети менен болгон чек арасын жапты. Бул тууралуу Орусия өлкөсүнүн премьер-министри Михаил Мишустинге таянып, орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Биз өлкөбүздү бул коркунучтан коргоп калуу үчүн бардыгын жасайбыз. Коронавирус оорусун алдын алууга жана биринчи кезекте бул ооруну жайылтпоо үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүгө болгон күчүбүздү жумшайбыз", - деп билдирген премьер-министр.

Кечээ, 15-мартта Орусияга Испаниянын борбору Мадрид шаарынан келген Венесуэланын жаранынан коронавирус оорусу аныкталган. Бул жаран Подмосковьеден табылган.

Акыркы маалыматтар боюнча, Орусияда 63 адам коронавирус оорусун жуктуруп алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: