super.kg logo

Өкмөт башчы унга болгон баанын көтөрүлүп кетиши күтүүсүз болгонун айтты

 

"Ишембиде шаар базарларында ундун баасынын 2000 сомго чейин чыгып кетиши биз үчүн күтүүсүз болду" деген пикирин билдирди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-мартта берген маалымат жыйында.

Өкмөт башчынын айтымында, туура эмес маалымат таратылып, элди дүрбөлөңгө салуу аракеттери жүргүзүлгөн.

"Айрым жеке кызыкчылыгын ойлогон жарандар 1 300 сом турган 1 кап ундун баасы 2000 сомго чейин чыгарышкан. Бул абдан өкүнүчтүү көрүнүш болду. Себеби Кыргыз өлкөсүндө ушундай кыйынчылыктарга каршы туруу боюнча абдан чоң иштерди жүргүзүп жатсак, айрымдар жеке кызыкчылыгын ойлоп, негизи жок эле унду жана башка азык-түлүктөрдү кымбаттатууга аракет кылышты.

Буга байланыштуу кечээ дем алыш күнү базарларды кыдырдык, мен дагы бардым. "Дордой-Дыйкан", "Фрунзе" соода түйүнүнө барып сатуучулар жана жарандар менен жолуктук. "Дордой-Дыйкан" базарында ун сатуучулар кампасын жаап, ундун баасы жогорулайт же ун жок калды деген шылтоо менен бааны көтөрүшкөн. Жарандар менен дагы жолуктук. Алар Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин ишинин жакшы таасири тийбей жатканына нааразы болушту. Бирок бул күтүлбөгөн нерсе болду. Социалдык тармактарда чек ара жабылыптыр, ун келбейт экен деп ушак чыгарып жиберишет деп ойлогон эмеспиз", - деди өкмөт башчы.

Ошондой эле Абылгазиев Казакстанда вирус пайда болгонуна байланыштуу жарандардын кыймыл-аракетине, жүрүшүнө чектөө киргизилерин белгиледи.

"Текшерүү процесстери кыйындайт. Бирок бизнеске, товар жүгүртүү боюнча эч кандай тоскоолдук жаралбайт. Учурда ал жакта Казакстан президентинин жарлыгын аткаруу боюнча өкмөт ыкчам иш-чараларды иштеп чыгып жатканы белгилүү. Кирип, чыгып жаткан бизнесмендер текшерилет. Товарларга чектөө коюлбайт", - дейт Абылгазиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
16.03.2020. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Owon uchun sosialdyk tarmaktarga kirup turuw kerekda. Eldin koygoyun ugup bilip jurgon jakwy.
16.03.2020. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эмнеге бийликти куноолойбуз эмне бийлик өкүлдөрү "Ундун баасын кымбаттат"- деген жок да. "Ачарчылык келатат кырылышып азык-түлүк талагыла" деген жок да. Бүт күнөө өзүбүздө, ар бирибизде болууда. Ыйманга келели! Наркыбызга кайталы. Жараткан Кудайым анын бетин ары кылсын. Эгер эле жаманчылык келип эл башына кыйынчылык түшсө бири-бирибизге карабай, тескерисинче алы жогун алдуусу талаганга өтөбүзбү? Кыргыз качан ошентчү эле?
16.03.2020. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Соодагерлер атайын көтөрсө карапайым калк эмнеге алат. Албай койсо өздөрү түшүрөт.
16.03.2020. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Jaznura,ошо да, эч дурболонго тушуп алып жатса, алар да которуп ийди да баасын
16.03.2020. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соодагерлер атайын дүрбөлөнгө салып пайда көрүп калууну көздөшүүдө
16.03.2020. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушундайда пайдасы тийбеген монополияга каршы агенттиктин эмне кереги бар бекер айлыкты алып еле отурушат канча адамы менен.урматтуу президент ушул агенттикти жоюп еле салынызчы.
16.03.2020. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеге биздин чоңдорго эле күттүүсүз болот, карапайым калк күтүп отурбайт да!
16.03.2020. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Монополияга каршы агенттиктин башчысын алып ыргытса болмок..Уч айга карап баратат вирус чыкканы,кочукторун которуп,базар аралап,мониторинг кылып туруш керек болчу..
16.03.2020. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар анча мынча ушундай тупой тупой экенибизди далилдеп алабызда!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: