super.kg logo

Чүйдө күйөөсүн өлтүрүп, өлүгүн жашыруу максатында бутуна кирпич байлап, каналга ыргытып салган аял 4 жылга эркинен ажыратылды

 

Чүйдүн Ысык-Ата районунда күйөөсүн өлтүрүп, өлүгүн жашыруу максатында бутуна кирпич байлап, Чоң Чүй каналына ыргытып салган аялга сот чечим чыгарды. Анда Ысык-Ата райондук соту айыпталуучуну төрт жылга эркинен ажыраткан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүгө дайындалган психиатриялык экспертизада аял кылмыш жасоо учурунда аффект абалында болгондугу аныкталган.

Окуянын чоо-жайы:

2019-жылдын 19-июнь күнү Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө ӨКМнын кызматкерлери тарабынан маалымат түшкөн. Билдирүүдө кебетеси азиялык болгон, жашы 50-55 чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси Кант шаарындагы Чоң Чүй каналынан табылганы айтылган. Ыкчам тергөө тобу аталган жерге барып Дмитриевка айылынын 52 жаштагы тургуну Б.А. экенин аныкташкан. Бул факты "адам өлтүрүү" беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүү катары маркумдун 44 жаштагы аялы кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча окуя аялы менен күйөөсүнүн ортосунда чыккан уруштан улам болгон. Аялы каза болгон жарандын өлүгүн жашыруу максатында бутуна кирпич байлап, Чоң Чүй каналына ыргытып салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
16.03.2020. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бизде адам олтурсон 4 жыл, тоок урдасан 8 жыл
16.03.2020. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Откондо аптекадан даары уурдаган киши канча жылга кетти эле??
16.03.2020. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
katerina.li,аптеканын ээси бай болсо керекда.бизде мыйзам карапайм калк учун эле иштейт.маркумда байыраак болгондо 10-15жылга кетмек
16.03.2020. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AksyKum,ооруп аткан кызым учун уурдадым дкген кишини деле 5-6 жылга кесип жиберген болуш керек
16.03.2020. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Неге торт жыл откондо Бир келиндди боз уйдон ыйлап аткан жеринен алып барып 8 жыл бердиби элеадашпасам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: