Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында бир катар дайындоолор болду
Нурлан Керимкулов.


Нурлан Керимкулов.

Самат Калыков.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында бир катар дайындоолор болду. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 2020-жылдын 11-мартындагы буйругунун негизинде Нурлан Керимкулов Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Нурлан Керимкулов буга чейин бир катар коомдук, мамлекеттик кызматтарда иштеп, акыркы жолу Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп эмгектенген.
Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өздүк курам боюнча буйруктун негизинде, ден соолугуна байланыштуу ички кызматтын майору Элеонора Шаршеналиева басма сөз кызматынан бошотулду. Анын ордуна ички кызматтын капитаны Самат Калыков дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

0:20
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.