"Так талашуу оюну" сериалындагы актёр Кристофер Хивью коронавирус жуктурганы аныкталды

"Так талашуу оюну" сериалында Тормунддун ролун жараткан норвегиялык актёр Кристофер Хивью коронавирус жуктуруп алды. Учурда ал үй-бүлөсү менен үй изоляциясында кармалмакчы. "Тилекке каршы, коронавирус жуктурганым аныкталды. Биздин абалыбыз жакшы, менде сасык тумоонун жеңил белгилери гана бар. Эми үй-бүлөм менен канча керек болсо, ошончо үй изоляциясында болобуз" деп жазган актёр Инстаграм баракчасына. Ошондой эле актёр баарына сак болууну жана вирусту жайылтпоого болгон аракетин жумшоону суранган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.