Премьер-министр кара тумоонун очокторун жок кылуу тапшырмасын берди
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тиешелүү
органдарга кара тумоонун очокторун жок кылуу тапшырмасын берди. Өкмөт башчы бүгүн, 26-августта вице-премьер-министрлердин
жана өкмөттүн аппарат жетекчилеринин катышуусунда ушул тема боюнча кеңешме өткөрдү. Премьер-министр
белгилегендей, инфекциянын очогунда жана ага аймакташ жайгашкан жерлерде
тазалоо иштерин кылдат жүргүзүү зарыл. “Жергиликтүү тургундарды ыкчам түрдө алдын ала эмдөөдөн
өткөрүү керек”,- деди Сатыбалдиев. Ошондой эле кара тумоого байланыштуу
маалыматтарды күн сайын берип турууну тиешелүү органдарга тапшырды.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















