super.kg logo

Казак бийлиги бизнести колдоо үчүн 681 миллион доллар бөлөт

 

Казакстандын бийлиги ишкерлерди колдоо жана жумуш орундарын түзүүгө кеминде 681 миллион доллар бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев коронавируска байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаалга арналган телекайрылуусунда билдиргенин казак басылмалары жазышты.

"Президент өз кайрылуусунда коронавирус дүйнөлук экономикага терс таасирин тийгизип жатканын, бирок ошого карабастан Казакстан бул каатчылыктан минималдуу жоготуулар менен чыгууну пландап жатканын айткан. Ошондой эле Токаев өлкөнүн эл аралык резервдери 90 миллиард долларга жакын экенин белгилеп, социалдык чыңалууга жана жумушсуздукка жол бербөө үчүн бардык чаралар жасалып жатканын билдирген. Бул үчүн бюджеттик чыгашалар жарандардын жумуш менен камсыз болуусуна жана бизнести колдоого багытталарын белгилеген", - деп айтылат маалыматта.

16-мартка карата Казакстанда он адамга коронавирус жукканы аныкталган. Буга байланыштуу ал жакта 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал жарыяланган. Бул убакыт аралыгында эл көп топтолгон оюн-зоок борборлор, кинотеатрлар ишин токтотуп, ар кандай көргөзмөлөргө, спорттук оюндарга жана эл көп чогулган иш-чараларга тыюу салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: