super.kg logo

ЖАМК: "Абактагы ачкачылык жарыялаган 200 соттолуучуга 36 адам кошулду"

 

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жаза мөөнөтүн өтөө жайларындагы өмүр бою эркинен ажыратылган 200дөй адамга дагы 36 адам кошулду. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"16-мартка карата Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында 347 кылмышкер жаза мөөнөтүн өткөрүүдө. 9-март күнү 200 өмүр бою эркинен ажыратылган соттолуучу ачкачылык жарыялоо боюнча кагаз түрүндө кайрылышкан. Учурда алардын саны 236га жетти. Калган 111 кылмышкер ачкачылык жарыялашкан эмес. Тамактан баш тарткандар суу, шекер кошулган ысык чай ичүүдө. Алар чарчап калбаш үчүн кара күч колдонгон жумуштардан өздөрүн чектөөдө", - дейт ЖАМКнын басма сөз кызматы.

Эске салсак, буга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жаза мөөнөтүн өтөө жайларындагы өмүр бою эркинен ажыратылган 200дөй адам соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдын негизинде алардын иши кайра каралыш керектигин билдирип, ачкачылык жарыялашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: