Ысык-Көл. Айрым жерлерде кара тумоого байланыштуу карантин режими иштеп жатат
Ак-Суу райондук ооруканасында дарыланып жаткан туугандарына келгендер минтип медициналык чүбөт тагынып, жакындары менен терезеден сүйлөшүп жатышат


Ак-Суу райондук ооруканасында дарыланып жаткан туугандарына келгендер минтип медициналык чүбөт тагынып, жакындары менен терезеден сүйлөшүп жатышат

Бейтаптардын жакындары ооруканага тамак-аш алып келишүүдө

Ак-Суу райондук ооруканасында да карантиндик режим жарыяланды

Бейтаптар жакындарына алып келген тамак-ашты оорукананын эшигинин жанына коюшуп, медайымдар ичкериге алып киришүүдө

Ак-Суу райондук ооруканасы

Оорукананы РИИБинин кызматкерлери көзөмөлдөшүүдө
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетованын айтымында, учурда облуста эпидемияга жана эпизоотикалык абалга каршы 13 кишиден турган атайын комиссия иштеп жатат. Оорунун таркап кетүү коркунучун алдын алуу үчүн Кашка-Суу капчыгайында, Оттук айылында, Сары-Жаз аймагында, Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында, Ак-Суу райондук аймактык ооруканасында, Ысык-Көл облустук ооруканасында 25-августтан 30-августка чейин карантин режими жарыяланды. Учурда Кашка-Суу капчыгайынын жашоочуларын текшерүү жүрүп жатыптыр. 30-августка чейин карантин жарыяланган аймактарга кирип-чыгууга тыюу салынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

