Сооронбай Жээнбеков: "Аксы окуялары - өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калды"
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта 2002-жылдагы Аксы окуяларына карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Өз кайрылуусунда өлкө башчы Аксы окуялары өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калганын белгилеген.
"Аксы окуясы адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, Март жана Апрель революцияларына түрткү болгон тарыхый окуя болуп бааланат. Бүгүнкү бийлик ошол окуяларда өлкөнүн келечеги үчүн өз өмүрүн тобокелдикке байлап чыккан элдин ишенимин актоого болгон аракеттерди жасап жатат. Өлкөдө коррупция менен чечкиндүү күрөш, адилеттүүлүктү камсыздоого багытталган соттук реформа, укук коргоо органдарын реформалоо жүргүзүлүүдө. Коопсуздукту камсыздоо, санариптештирүү, экономиканы өнүктүрүү жаатында ири иш-чаралар аткарылып жатат. Элибиз үчүн эгемендүү мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн зарыл болгон реформалар ишке ашырылууда. Элибизде ар дайым ынтымак жана биримдик, жергебизде дайыма тынчтык болсун!" - деп жазылган өлкө башчынын кайрылуусунда.
2002-жылы 17-мартта Аксыда Үзөңгү-Куушту Кытайга берилишине каршылык кылып, райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган. Ошол эле жылы 18-мартта Аксы районунун борбору болгон Кербенде дагы эл менен милиция кызматкерлери ортосунда кагылышуу болгон.
Окуядан 10-жыл өткөндөн кийин 17-мартты Аксы окуяларын эскерүү күнү катары белгилөө боюнча жарлыкка кол коюлган.












1 |