Футбол боюнча Өзбекстан чемпиондугу токтотулду

Коронавирус чуусунан улам футбол боюнча Өзбекстан чемпиондугу үч аптага убактылуу токтотулду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн "Навбахор" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Андрей Канчельскис маалымат жыйыны учурунда билдирген.
"Адамдардын коопсуздугу баарынан жогору турат. Биз бул ооруга канчалык натыйжалуу күрөшсөк ошончолук чемпиондукту эртерээк алып келе алабыз. Күйөрмандарсыз өткөн оюндар мен үчүн түшүнүксүз. Биз футболду күйөрмандар үчүн ойнойбуз. Күйөрмандарсыз стадион такыр эле кызыксыз болуп калат экен", - деп билдирген башкы машыктыруучу.
Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус оорусун 8 адам жуктуруп алгандыгы аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.