super.kg logo

Коронавирустун 2-очогу болгон Италиядагы абал боюнча Кыргыз жараны: "Миланда учурда абал курч" (маек)

 
"Көп дарыканаларда медициналык бет кап жок. Бул бир бет капты 10 еврого сатып алдык".
"Жаш балдар баары жакшы болот деген девиз менен асан-үсөндүн сүрөттөрүн тартып балкондоруна, үйүнүн эшиктерине илип коюп жатышат".
"Көчөгө да кол кап кийип чыгууга аргасыз болуудабыз".
"Дарыканаларда бет кап түгөндү. Дарыканага өкмөттүн буйругу менен 4төн гана кирүүгө болот деп эскертүү жазылган".

Италиянын Милан шаарынын четки провинциясында жашаган мекендешибиз Гүлнара айым коронавирус эпидемиясы күч алып, аргасыз үйдө камалып отурушканын айтат.

"Миланда абал оор"

- Мен Италияга 16 жыл мурун келгем. Учурда Милан шаарынын четки провинциясында жашайм. Биздин аймакта 4-5 кыргыз бар. Акыркы учурда коронавирус Италияда көп катталганына байланыштуу 11-мартта өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Миланда азыр абал оор. Биз мурункудай көчөгө эркин чыга албай бук болуп жатабыз. Караганыбыз интернет, гезит окуйбуз. Мурун бири-бирибиз менен көрүшүп турчу элек, азыр көрүшпөй да калдык. Тамак-аш, дары алганга гана сыртка чыкпасак башка учурда үйдөбүз. Азык-түлүк сатылган супермаркет, дарыкана гана ачык. Ал жакка да 4 кишиден кезек менен киргизүүдө.

Эгер өзүң жашаган жерден башка айылга же шаарга чыгам десең ал жакка эмне себептен чыгып бара жаткандыгыңды аныктаган автосертификат керек. Телевидениеден ар бир жарым саат сайын адам өзүн карантин убагында кантип алып жүрүшү керектигин түшүндүргөн роликтер көргөзүлүп жатат. Көчөлөр бош калды.

"Медициналык кызматкерлер жетишпей студенттерди жумушка чакырып жатышат"

- Неаполь шаарында артритке каршы дары коронавируска жардам берет деп дарыгерлер ачылыш жасашканы айтылууда. Ошого байланыштуу бир фармацевтикалык борбор эксперимент жүргүзүүгө акча бөлүп бериптир. Ошондой эле "Армани" мода үйүнүн жетекчиси Жорджо Армани сыяктуу бай адамдар вируска каршы күрөшүүгө миллиондогон акчаларды бөлүп жатышат. Жергиликтүү маалымат булактары учурда медициналык бет кап чыгарган фабрика 3 мөөнөт менен иштеп жатканын билдирүүдө. Мугалимдер онлайн системинде сабак өтүп жатышат. Медициналык кызматкерлер жетишпей, бүтүрүүчүлөрдү убагынан эрте дипломдук ишин жактатып, жумушка чакырып жатышат. Италияга коронавирус менен күрөшүүгө Кытай чоң жардам көрсөтүүдө. Медициналык каражаттарды алып келип берип, Кытайдан атайын медициналык кызматкерлер келишти.

"1 бет капты 10 еврого сатып алдым"

- Негизинен коронавирус катталгандардын көпчүлүгү патологиясы барлар болуп жатат. Вирус оорусун күчөтүп жиберип, ошол өлүмгө алып келип жатканы айтылууда. Дарыканаларда медициналык бет каптар дээрлик жок, болсо да кымбат болуп жатат. Мен мисалы, 1 бет капты 10 еврого алдым. Мен алганым жукараак, мындан калыңдары 13 евро турат экен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: