super.kg logo

"Баш сөөгү, кабыргалары сынып кеткен". Маркумду өлтүрүүгө шектелип өгөй баласы кармалды

 

Мурда соттолгон 26 жаштагы жаран өгөй атасын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"16-март күнү саат 08:33 чамасында Аламүдүн РИИБине Кара-Жыгач айылындагы автожолдон белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам иликтөө тобу айтылган дарекке барганда 40-45 жаштагы кебетеси азиялык болгон адамдын сөөгүн табышкан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Маркумдун сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, анын баш сөөгү, кабыргасы бир нече жеринен сынып, муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Маркумдун аты-жөнү такталып, ал Ысык-Ата районунун 51 жаштагы Н.С. аттуу тургуну экени белгилүү болгон. Ал эми кылмышка шектелип мурда соттолгон 26 жаштагы Ж.Д. кармалган. Маалыматка ылайык, маркум кылмышка шектүүнүн өгөй атасы болгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: