super.kg logo

Жүк ташуучу унаа айдагандардын көз карандысыз профсоюзунун төрагасы: "Кыргыз-Казак чек арасында маселе чечилди"

 

Кыргыз-Казак чек араларында жүк ташуучу унаалар өтө албай, анда токтотулган унаалардын саны көбөйдү деген маалымат тараган болчу. Жүк ташуучу унаалар кечээтен баштап чек арада кезекке туруп калышкан.

Бул боюнча бүгүн, 17-мартта жүк ташуучу унаа айдагандардын көз карандысыз профсоюзунун төрагасы Дастан Мирякубовго байланышканыбызда, маселе чечилгенин билдирди.

"Ооба, түшүндүм. Чек ара ачык, жүк ташуучу унаалар өтүп жатат. Бүгүн бул жаатта көйгөй жок, Орусиядан келип жаткан унаалар да киргизилүүдө. Өзбекстандан Орусияга барып, кайтып келе жаткан жеңил унаалар коё берилбей жатат. Жүк ташуучу унаалар Орусияга, Казакстанга, биздин өлкөнүн аймагына эч кандай тоскоолдуксуз өтүүдө, бул маселени кечээ кечинде чечкенбиз", - деди Мирякубов.

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып буларга токтолду: "Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму товарлар аркылуу коронавирус жугушу мүмкүн эмес деп айтып жатат. Өзбекстан, Казакстан өңдүү коңшу өлкөлөргө бул оору жаңыдан келгендиктен, айрым жагдайларын ирээтке келтирүү үчүн бир механизмдерди киргизип жатса керек. Бирок товарлар чектөөсүз киргизилет", - деди вице-премьер.

Өкмөттүн басма сөз кызматкери ушул учурда Кыргыз-Казак чек арасы ачык экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: