Жалал-Абад шаарында медициналык бет каптар тигиле баштады










Жалал-Абад шаарында медициналык бет каптар тигиле баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу медициналык бет каптар тигиле баштады. Бул багыттагы шаар мэринин демилгесин "Баяна стиль" тигүү цехи ишке ашырып жатат. Бет каптар атайын жумшак кездемеден (марли) күнүнө миң даанадан ашык санда даярдалууда.
Бүгүн шаар башчысы аталган жайга барып иштин жүрүшү менен таанышты. Эми сүйлөшүүлөрдүн алкагында даярдалып жаткан бет каптарды жергиликтүү дарыканаларга жеткирүү жагы жолго коюларын айтты. Көрүлүп жаткан бул аракеттер өлкөдөгү, анын ичинде Жалал-Абад шаарындагы эпидемиялык кырдаалды туруктуу сактоо экендигин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
AksyKum

17.03.2020. 16:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргызфилм кино студиясында кыргызчаланганго Бет каптар акка кара резинка тагып.окшошбой калыптыр.мейли Эми озубуздон чыкканына суйунуп тага беребизда
Tynar1213

17.03.2020. 18:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
AksyKum, көч бара-бара түзөлөт дегендей бет капты өзүбүздөн чыгарып жатканына суйунолу
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.