super.kg logo

"Коронавируска байланыштуу ооруканаларды обсервация катары колдонуу чечими чыкса, түшүнүү менен кабыл алыш керек" дейт вице-премьер

 

"Жаңы-Жер айылындагы төрөткананы жаап жатышат. Себеби ал жакты жакында коронавирустун изолятору кылат экен" деп билдирген окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы бүгүн, 17-мартта өкмөт үйүндө өткөн коронавируска байланыштуу чараларды жүзөгө ашыруу жана инфекциянын өлкө аймагына киришин алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча маалымат жыйынында вице-премьер Алтынай Өмүрбековага "Шаардын четиндеги ооруканаларды обсервация үчүн колдонуп жатышы туура элеби?" деген суроо салды.

"Кырдаалга байланыштуу ар кандай чечим кабыл алынышы мүмкүн. Албетте, максималдуу түрдө баарына ыңгайлуу шарттардын болушун каалайбыз, ошого аракет кылабыз. Обсервацияга ооруган адамдар жаткырылбайт. Ал жакка дени сак, бирок ооруп калуу коркунучу бар адамдар карантинге алынат. Кытай Республикасынын тажрыйбасы боюнча коронавирустун 80 пайызы жеңил форма менен өтөт. Ошондуктан дүрбөлөңгө түшүп, чууга алдырбаш керек.

Албетте, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча так бир алгоритмдерди берген. Эгер вирус жуктуруу фактысы катталып калса, аны дарылоо протоколдору дагы анык. Ошондуктан биздин адистерге ишенип, кабыл алган чечимдерди туура түшүүгө аракет кылыш керек", - дейт Өмүрбекова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.03.2020. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туптуура эле чечим. Германияда больницада иштейм. Биз да 1 отделенияны жаптык, дуйшомбудон бери. Атайын коронавируска. Азыр бул жакта да катуу болуп жатат...
18.03.2020. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врачтар кандай даарылар менен даарлайт бейтаптарды? Эгер (Кудайым сактасын) вирус келсе кандай жол менен даарылайсынар?
18.03.2020. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arina07, кадимки гриппти дарылоо протоколу менен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: