super.kg logo

Алматы менен Нур-Султан шаарларында 19-марттан баштап өзгөчө кырдаал киргизилет

 

Казакстанда коронавирус менен жабыркагандардын саны 32ге жетти. Вирусту жуктургандар Алматы жана Нур-Султан шаарында катталды. Мындан улам коронавирустун өлкөнүн башка аймактарына жайылуусуна жол бербөө үчүн аталган шаарларга өзгөчө кырдаал киргизилет. Өзгөчө кырдал 19-мартка караган түнү күчүнө кирерин мамлекеттик комиссиядан билдиришти деп жазышат казак басылмалары.

Киргизилген чектөөлөр:

- карантин жарыялоо жана санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүү;

- карантинге алынуучу аймактардын чегин тактоо, ал аймактар аркылуу өтүп же кирип жаткандарды аныктоо;

- адамдардын көчөдө жүрүүсүнө жана транспорт каражаттарынын кыймылына чектөө киргизүү;

- атайын дарылануучу жайлардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу - вирусту жуктуруп алгандар үчүн, вирусту жуктуруп алган болушу мүмкүн делинген жарандар үчүн жана карантинге алынуучу жарандар үчүн медициналык жайлар;

- коомдук транспорттордун күндүзгү кыймылына чектөө киргизүү же токтотуу жана түнкү каттамдарды толугу менен токтотуу;

- айыл-чарба азыктарынан тышкаркы товарларды саткан базарларды, соода түйүндөрүн, ири соода борборлорун, көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы соода-сатык жүргүзгөн дүкөндөрдүн (азык-түлүк жана дары-дармек саткандардан тышкары) баарын жабуу;

- бала бакчалардын, мектепке чейинки билим берүү жайлардын жана ар кандай ийримдердин ишмердүүлүгүн токтотуу;

- коомдук тамактануучу жайларга "кардарларга жеткирип берүү" кызматын киргизүү;

- карантиндик аймактарда жашаган калктын азык-түлүккө, тамак-аш продуктуларына, дары-дармектерге болгон суткалык керектөөсүн аныктоо.

Өзгөчө кырдаал – белгилүү бир аймакта, табыгый жана техногендик кубулуштун, кырсыктын, кыйроонун, күтүлбөгөн же башка алааматтын кесепетинен улам адамдардын өлүмүнө, ден соолугуна зыян алып келүүсүнө, турмуш-тиричилик шарттарын кыйраткан жана олуттуу материалдык жоготууларга кириптер кылган жагдай. Ошондой эле айлана-чөйрөнүн кыйроосуна алып келүүчү же алып келген жагдай.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: