super.kg logo

Улуттук банк: "Коронавирустун алдын алуу максатында акча жана монеталарды кармагандан кийин гигиена эрежелерин аткаруу керек"

 

Коронавирустун алдын алуу максатында акча жана монеталарды кармагандан кийин сөзсүз түрдө гигиена эрежелерин аткаруу керек. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Улуттук банк расмий сайтына жарыялады.

Маалыматта коронавирус инфекциясы башка вирустар же бактериялар сыяктуу эле бардык жерде, анын ичинде банкноттордун, монеталардын, кагаздын, смартфондордун, пластик карталардын жана башка буюмдардын беттеринде болушу мүмкүн экендиги айтылат.

"Банкноттор менен монеталар биринчи кезекте бир колдон экинчи колго дайыма өтүп турган төлөм каражаты болуп санала турганын эстен чыгарбоо зарыл. Жөнөкөй жеке гигиена эрежелерин сактоо банкноттор, монеталар жана башка төлөм каражаттары аркылуу жугушу мүмкүн болгон инфекцияларды таратуу тобокелдигин азайтат", - деп эскертет Улуттук банктан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.03.2020. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кредиттида токтотуп турсанар болмок элдер кантип жабат мындай кырдаалда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: