super.kg logo

Рейд учурунда Бишкек шаарында унду кымбат баада саткан жай аныкталды

 

Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарында жогорулатылган даярдык режими киргизилди. Режимдин киргизилгенине байланыштуу шаар мэри Азиз Суракматов, Бишкек шаарынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы шаардагы азык-түлүктү кымбат баада сатып жатат деп арыздангандар көп болуп жатканын айтып, рейд жүргүзүштү. Рейддин жүрүшүндө Кулатов менен Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде унду кымбат баада сатып жаткан жай аныкталды.

"Бизге Кулатов жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде унду 1700 сомдон сатып жатат деген арыз түшкөн. Бул арыз бирдиктүү реестерге катталып, ошонун негизинде ыкчам кызматкерлер менен тергөө кызматкерлери иш жүргүзүп, бул жерде иштеген жаран ундун кабына 300-400 сомдон кошуп сатканы аныкталды. Аталган жаран 110 миң сом пайда көргөндүгү белгилүү болгон. Бул факты боюнча тергөө иши бүткөндөн кийин бардык материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилет. Бизге түшкөн ар бир арыз боюнча тергөө кызматкерлери менен ыкчам кызматкерлер тобу иш алып барып жатат", - деп билдирди Финполдун башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: