super.kg logo

Коронавируска байланыштуу чет мамлекеттерден келген Кыргыз жарандары эки категорияга бөлүндү

 

Коронавирус инфекциясы катталган өлкөлөрдөн келген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары эки категорияга бөлүнөт. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Биринчи категорияга кирген өлкөлөр: Кытай, Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, Германия, Франция, АКШ, Швейцария, Улуу Британия, Нидерланды, Норвегия, Австрия, Швеция, Бельгия, Дания.

Бул тизме 2020-жылдын 19-мартынан тарта иштеп баштайт. Аталган өлкөлөрдүн тизмеси дүйнөдөгү эпидемиологиялык жагдайга байланыштуу өзгөрүп, кошумчаланып турушу мүмкүн.

Биринчи категориядагы өлкөлөрдөн, анын ичинде транзит менен келген Кыргыз жарандары атайын жайда 14 күндүк обсервациядан өтүүгө тийиш. Бул категорияга Кыргыз Республикасынын бардык жарандары: ID-карталардын, жалпы жарандык, кызматтык жана дипломатиялык паспорттордун ээлери кирет.

Обсервация шарттарын бузгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

Экинчи категорияга коронавирус катталган өлкөлөрдүн баары (жогоруда аталган мамлекеттерди эске албаганда) кирет.

Экинчи категориядагы өлкөлөрдөн келген, анын ичинде транзит аркылуу учуп келген бардык Кыргыз жарандары 14 күндүк үй карантинине алынат. Үй карантининин шарттарын бузган адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине ылайык, атайылап же этиятсыздыктан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган, байкабастыктан массалык ооруларга, адамдарды уулантууга же болбосо ири зыян келтирүүгө алып келген жактарга VI категориядагы айып салынат же белгилүү бир кызматты ээлөө же эки жылга чейин белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратылат.

Маанилүү: Биринчи жана экинчи категориядагы мамлекеттерден, анын ичинде транзит менен келгендер сасык тумоонун, курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын же коронавирустун белгилерин байкаган учурда дарыгерге чалуусу же 103 номери боюнча "Тез жардам" чакыруусу зарыл. Өз алдынча бейтапканаларга же ооруканага баруу сунушталбайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: