super.kg logo

"Ухан вирусу": Вирусту 197 миң 139 адам жуктуруп алса, алардын ичинен 7 миң 916 адам каза болду

 

18-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 197 миң 139 болсо, алардын ичинен 7 миң 916 адам каза болду. Ал эми сакайып, ооруканадан чыккандар 81 миң 738 киши.

Вирустун очогуна айланган Кытайда 81 миң 74 адам вируска кабылып, 3 миң 241 киши каза болгон, айыккандардын саны 69 миң 696 адамды түзөт.

Вирустун экинчи очогуна айланган Италияда жуктуруп алгандар - 31 миң 506 болсо, каза болгондор - 2 миң 503, сакайгандар - 2 миң 941. Ал эми коронавирус жайылганы боюнча 3-орунда турган Иранда жуктургандар - 16 миң 169, каза болгондор - 988, айыккандар - 5 миң 389.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: