Биздин аткаминерлердин жүрөгү курсагындабы?
25-август, 2013-жыл. Бишкекте өткөн кыргыз-корей жылдыздарынын катышуусундагы концерттин ачылышы. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевдин колу жанындагы кореялык өкүлдөн айырмаланып курсагында


25-август, 2013-жыл. Бишкекте өткөн кыргыз-корей жылдыздарынын катышуусундагы концерттин ачылышы. КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевдин колу жанындагы кореялык өкүлдөн айырмаланып курсагында

Жогорку Кеңештин депутаттары эс алуудан келип, ишке киришип жаткан учур. Депутат Нарынбек Молдобаевдин колу курсакта

Биринчиге карай түздөнөбүз дечү эле... Биринчиде турган эмгек, миграция жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун алаканы да жүрөктү эмес курсакты басып турат

2013-жылдын 24-марты. Оппозиция өкүлдөрү уюштурган Жалал-Абаддагы курултайдын ачылышы. Коомдук ишмер Эркин Булекбаев менен ЖКнын депутаты Равшан Жээнбековдун колдору жүрөк тушта эмес, курсакта

2009-жыл. Инаугурация. Максим Бакиевдин курсакка бош ташталган колу ашыкча комментарийди талап кылбайт

Жогорку Кеңеш. Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев да гимнди "курсагы менен" угуп, ырдагандардын катарында

Гимн аткарылып жатканда колду көкүрөккө туура коюу да маанилүү экенин Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков балким ушул сүрөттөн кийин эстей жүрөр?

Мында коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун колу да курсактан өйдө көтөрүлө албаптыр

Курсакка жеткен кол көкүрөккө деле жетмек, эгер экс-министр Ибрагим Жунусов гимнди чын дилден ырдаса

2013-жыл, 31-август. Жалал-Абад шаарындагы Эгемендүүлүк майрамына арналган иш-чаранын ачылышы. Вице-премьер-министр Камила Талиева менен облус башчы Жусупали Төрөмаматов жүрөк деп курсакты басып турушат
Мамлекеттик гимнди оң колду жүрөк тушка коюп ырдап, угуу керек. Бул мекенге чын жүрөктөн берилүүнүн белгиси. Бирок гимн жаңырып жатканда колду эмнеге көкүрөккө коюу керектигин билбеген же этибар албаган аткаминерлерибиз көп экен. Көпчүлүк сүрөттөрдө аткаминерлердин колу көкүрөктө эмес, курсакта... Сүрөттөр сүйлөйт...
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
18

