Депутат умрадан келген жакын таанышы башкалар менен жолукканын айтты
Депутат Алиярбек Абжалиев умрадан келген жакын таанышы башкалар менен жолукканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Менин жакын таанышым умрага барып, 12-мартта келген. Ал үйүнө барганда баары менен жолугушуп, сүйлөшкөн. Кечинде аларды алып кетишип, "Ак-Кемеге" жеткиришти. Европа коронавирусту тоготпой, коргонуу эрежелерин сактабай, эң коркунучтуу абал ошол жакта болуп жатат. Бизде да тоготпогондой мамиле болуп жатат. Жакшылап карабасак болбойт", - деди депутат.
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргыз мамлекетинде 18-мартка караган түнү коронавирус катталган 3 киши аныкталганын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

