super.kg logo

"Жаратылыш калыбына келип жатат". Венецияда карантиндин кесепетинен каналдагы суулар тазаланган

 

Дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн коронавирустун кесепетинен Италиядагы жарыяланган карантин убагында Венециядагы шаар аралап өткөн каналдардагы суулар тазаланган. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Анда жазылгандай, азыркы учурда вирусту жуктуруп, жабыр тарткан адамдардын саны боюнча Италия өлкөсү экинчи орунда. Мындайча айтканда, Италия "жабык көшөгө" артында калды. Анда өлкө аймагындагы бардык музейлер, театрлар, окуу жайлары жана башка мекемелер жабылган. Ошондой эле адамдардын көчөгө чыгуусуна чектөө киргизилген.

Буга байланыштуу Италия өлкөсүндө карантин жарыяланган. Мындан шаар аралап өткөн каналдардагы суулар тазарганы байкалды. Суунун жана анда сүзүп жүргөн ак куулар, балыктардын сүрөттөрү социалдык тармактарга жарыяланган. Буга колдонуучулар миңдеген жакшы маанайдагы билдирүүлөрдү калтырышкан.

Учурдагы маалыматтарга ылайык, Италияда вирусту жуктуруп алгандар - 31 миң 506 болсо, каза болгондор - 2 миң 503, ал эми сакайгандар - 2 миң 941 адамды түзөт. Бул көрсөткүч менен Италия вирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөдөгү экинчи орунда келе жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.03.2020. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биз адамдар чектен чыгып кекенбиз жаратылышты талкалап жердин баарын аңтар теңтер кылып казып баарыбыз эле байысак акча болсо баары болот деп ошон үчүн да кудай эскертүү берди окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: