Бишкекте 19-мартта жылуулук берүү токтотулат
Бишкек шаарында 19-марттан тарта жылуулук берүү токтотулат. Бул тууралуу 2019-2020-жылдардагы жылытуу сезону боюнча оперативдүү штабдын жыйынында вице-мэр Мирлан Амантуров билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 2019-2020-жылдын жылытуу сезону бүткөндүгүнө байланыштуу жылуулук берүүнү токтотуу тууралуу буйрукка кол коёт.
Абанын температурасы 5 сутка катары менен 8 градустан жогору болгондо жылуулук берүү токтотулат. Буга байланыштуу 19-мартта Бишкек шаарында жылуулук берүү мөөнөтү аяктайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:18
2026-03-04
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















