Республикалык штаб: "Казакстандын аэропортунда Дели шаарынан кайтып келген 19 Кыргыз жараны турат"
Казакстандын аэропортунда Индиянын Дели шаарынан кайтып келген 19 Кыргыз жараны турат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Азыркы мезгилде Алматынын аэропортунда Делиден учуп келген 19 Кыргыз жараны чыга албай калышты. Аларды чыгарбай жатышат. Анткени Казакстан чек арасын чет өлкөлүктөр үчүн жаап салган. Ошондой эле Казакстан аркылуу кайтууну пландаган башка туристтер дагы күтүп турат. Тышкы иштер министрлиги тарабынан казак тарап менен биздин мекендештерибизди алып чыгып кетүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Алар үчүн трансфер уюштурулмакчы", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.