super.kg logo

Өкмөт, жергиликтүү бийлик органдары өлкөдө коронавирус катталганына байланыштуу күнү-түнү иштөөгө өттү

 

Кыргыз Республикасынын өкмөтү, өлкөнүн 7 облусундагы жергиликтүү бийлик органдары коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган алгачкы 3 учурга байланыштуу күнү-түнү иштөө режимине өтүштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун жетекчилиги алдында өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана райондук администрация башчыларынын катышуусунда коронавирустук инфекциянын өлкөнүн аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча Республикалык штабдын кеңейтилген селектордук жыйыны болуп өттү. Инфекциянын таралышына жол бербөө максатында, коомдук тартипти көзөмөлдөө жана калк менен жер-жерлерде сапаттуу кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин, жарандардын коопсуздугу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөнүн белгиледи. Коомдук тартипти сактоо, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыздаган объекттерди коргоону жана унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү, эл массалык түрдө чогула турган объектилердин ишмердүүлүгүн токтотуу, Сузак районунун аймагына кирүүнү, ошондой эле районго кирүүгө райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары унаалардын бардык түрлөрүнө чектөө сыяктуу чаралар көрүлдү.

«Коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча жалпы кырдаал мамлекет башчынын өзгөчө көзөмөлүндө турат. Калктын дүрбөлөңгө түшүүсүнө негиз жок. Эң башкысы Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Республикалык штабдын сунуштамаларын жана талаптарын так кармануу, өздүк гигиена эрежелерин сактоо жана адамдар көп жыйналган жерлерге барбоо аркылуу биз бул ооруну жеңе алабыз», - деди биринчи вице-премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.03.2020. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсыңар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: