super.kg logo

Консулдук кызмат департаменти: "Италия, Япония, Кореяда медицина деңгээли жогору деген ой менен көпчүлүк Кыргыз жарандары ал жакта калууну чечишти"

 

Чет жакка кеткен Кыргыз жарандарынан басымдуу бөлүгү ал жакта калууну чечишкен. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта ТИМдин консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Муса Көчөрбаев билдирди.

"Учурда Тышкы иштер министрлиги анын ичинде консулдук кызмат департаменти күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Биздин жарандарга консультациялар жана кеңештер берилип жатат. Консулдук кызмат күнү-түнү иштеп жатат. WhatsApp сыяктуу бардык интернет каражаттары аркылуу дагы байланышта болуп турабыз.

Бирок көпчүлүк учурда Кыргыз жарандары ТИМге кайрылышпайт. Анткени алар легалдуу түрдө кетишкен эмес. Мындан тышкары Европа, АКШга кеткен жарандар, ал жакка көп каражат жана күч коротушкандыктан келүүгө шашышкан жок.

Тескеринче биздин жарандар чет мамлекеттерде калууга аракет жасап жатышат. Алсак, Италия, Япония, Кореядагы мекендештерибиз ал өлкөлөрдө саламаттыкты сактоо деңгээли жогору деген ой менен Кыргыз өлкөсүнө келүүнү каалашкан жок. Ошондуктан Кыргыз өлкөсүнө келебиз дегендер азырынча көп эмес", - дейт Муса Көчөрбаев






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: