Вице-премьер Эркин Асрандиев: "Жарандардан дүрбөлөңгө түшпөөнү өтүнөбүз, өлкөдө азык-түлүк жетиштүү"

Социалдык жактан маанилүү товарлар, анын ичинде тамак-аш продуктулары өлкөдө жетиштүү. Жарандардан дүрбөлөңгө түшпөөнү өтүнөбүз. Мындай өтүнүчү менен вице-премьер-министр Эркин Асрандиев кайрылды.
"Өкмөт бардык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөр менен биргеликте облустарда жана райондордо продуктулардын запасына жана бааларына күн сайын мониторинг жүргүзүп жатат. Бүгүн расмий түрдө үч жараныбыздын инфекцияны жуктурганы аныкталгандан кийин биз ири ташуучулар менен ун жана ун азыктарынын негизги өндүрүүчүлөрү менен дагы бир ирет сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алар кампаларда запас жетиштүү экендигин ырасташты", - деди Эркин Асрандиев.
Ошондой эле вице-премьер белгилегендей, региондордо кырдаал жалпысынан туруктуу, алып сатарлык жол менен бааларды негизсиз көтөрүү фактылары катталган жок.
"Болгону, илдетке чалдыккандар Сузак районунун жашоочулары экендиги жарыяланган соң Жалал-Абад шаарынын базарында тынчсыздануу байкалууда. Адамдар ун сатып алып жатканы маалымдалды. Учурда Жалал-Абад шаарынын мэри баштаган жергиликтүү бийлик органдары калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Муну менен бирге ташуучулар менен Жалал-Абад облусунун базарларына ун жана негизги продуктуларды ташуу зарылдыгы тууралуу байланыштык. Зарылдыгына жараша биз Мамлекеттик резервди тартабыз", - деп баса белгиледи ал.
Муну менен катар социалдык маанидеги товарлардын жана азык-түлүктүн баасын негизсиз көтөрүүгө жол бербөө максатында өкмөт бааларды мамлекеттик жөнгө салууну бекиткен токтом чыгарган. Республика боюнча биринчи жана экинчи сорттогу ундун баасына чектөө киргизилди. Бүгүн кечке чейин өсүмдүк майынын, нандын, канттын жана макарондун максималдуу баасы белгиленет.


