super.kg logo

"Ухан вирусу": Коронавирусту жуктуруп алгандар 200 миңден, каза болгондор 8 миң кишиден ашты

 



18-мартка карата түштөн кийинки убакытта дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 200 миң 100 кишиден ашса, каза болгондордун саны 8 миң 10 адамга жетти. Ал эми сакайып, ооруканадан чыккандар 82 миң 800 киши. Бул тууралуу маалыматты Worldometer сайты жарыялады. Аталган булак реалдуу убакыттын режиминде статистика жарыялап жатат

Ооругандардын эң көп саны Кытай (81 миңге чукул), Италия (31 миңден ашуун), Иран (16 миңден ашуун), Испания (11 миңден ашуун) жана Германияда (10 миңге чукул киши) катталган. Коронавирус катталган өлкөлөрдүн жана аймактардын жалпы саны 167 болуп калды.

Бүгүн, 18-мартта Кыргыз өлкөсүндө коронавирус биринчи жолу катталды. Алар Сауд Арабиядан 12-мартта кичи ажылык зыяратынан кайтып келген 3 Кыргыз жараны.

Сауд Арабиянын бийлиги коронавирустан улам 9-мартта Мекке жана Мединага зыярат кылууга убактылуу тыюу салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.03.2020. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ силерди Бут кыргыз эли окуйт жакшы жанылык жаскылачы мынча Адам тузолду баш теманарды озготуп жаскыла кирсен эле олду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: