super.kg logo

MegaCom компаниясы дарыгерлерди мобилдик байланыш жана интернет менен акысыз камсыз кылат

 

MegaCom компаниясы Кыргыз өлкөсүндө тарап жаткан коронавирус кырдаалына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерин мобилдик байланыш жана интернет менен акысыз камсыз кылат.

"Альфа Телеком" жабык акционердик коому 12-март күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 3 тургуну Сауд Арабиядан кайтып келип, коронавируска кабылган кооптуу кабарга биринчилерден болуп реакция кылган. Буга байланыштуу MegaCom компаниясы эпидемиологиялык кыйын мезгилде калкка жардам берип жаткан саламаттыкты сактоо адистерин колдоо чечимин кабыл алды.

"Коронавирус катталган башка өлкөлөрдө көпчүлүк күч медицина кызматкерлерине жүктөлүп жатканы байкалды. Мындай кырдаалда дарыгерлер сапаттуу байланыш менен камсыз кылышыбыз керек. Мындан улам MegaCom компаниясы медицина кызматкерлерине жардам берүү жана байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн түзүү жана режимде иш аракеттерди жөнгө салуу чечимин кабыл алды", - деп билдирет "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун директору Акылбек Жамангулов.

Мындай кырдаалга байланыштуу MegaCom компаниясы дарыгерлерге SIM-карталарды таратат. SIM-карталарга "Суперыңгайлуу 345" тарифи кошулган. Калган SIM-карталар Саламаттыкты сактоо министрлигине берилди. Ал эми буга чейин MegaCom абонентин колдонгон кызматкерлерге ошол замат жогорудагы тариф кошулмакчы.

Белгилей кетчү жагдай MegaCom компаниясы мобилдик түйүндөр үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн 24/7 режиминде иштейт.

"Бул учурда биздин башкы максатыбыз, коронавирус менен күрөшүүдө биздин дарыгерлерди колдоо", - деди "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун директору Акылбек Жамангулов.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(4)
19.03.2020. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыңар MegaCom!
O! мобильдик оператору тескерисинче бизнес кылып жатат.
19.03.2020. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул деле жакшы жанылык
19.03.2020. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызым кыйын кунго кабылганда
Бир женден кол,бир жакадан баш чыгарып нечендеген оор кундорду башынан откоруп келген
Аллахым баарыбызга ыйман сабырдуулук берсин
19.03.2020. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушинтип женели бул вирусту....эл озубузго озубуз душман чыгып баарын кымбаттатып албайлы....Чондорду айтып коёбуз эл озубуз онолушубуз керек экен....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: