super.kg logo

Beeline компаниясы Жалал-Абад облусундагы кардарларды тейлөө кеңселерин өзгөчө кырдаалда иштөөгө өткөрөт

 

Beeline компаниясынын Жалал-Абад облусундагы сатуу жана тейлөө кеңселериндеги кардарлардын жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо максатында кызмат көрсөтүү борборлору өзгөчө тартипте иштөө режимине өткөрүлөт.

Терез аркылуу толук кандуу иштеген кеңселер:
1. Жалал-Абад–1 (Ленин көчөсү, 18);
2. Жалал-Абад–3 (Ленин көчөсү, 22, "Нооруз" базары);
3. Кочкор-Ата шаары (Гагарин көчөсү, борбордук базардын бет маңдайы);
4. Таш-Көмүр шаары (Курулушчулар кичи району);
5. Токтогул району (Сүйөркулов көчөсү, 34 2-батир, борбордук базардын бет маңдайы).

Жабыла турган кеңселер, бирок бир терминал операцияларды жүргүзүп туруу үчүн кеңсенин аймагынан сырткары чыгарылат:
1. Базар-Коргон району (Текебаев көчөсү (муруку Вокзальная көчөсү) борбордук базар тарапта);
2. Жалал-Абад–4 (Чехов көчөсү, 13/1);
3. Жалал-Абад–2 (Ала-Тоо көчөсү, 40, ЦУМ);
4. Сузак району (Дакан-Палван көчөсү, райондук оорукананын аймагында);
5. Масы айылы (Ленин, 1);
6. Шамалды-Сай шаары (Кыргызстан көчөсү);
7. Ала-Бука району (Сартманбеков көчөсү, 49);
8. Майлуу-Суу шаары (Ленин көчөсү, 83);
9. Кара-Көл шаары (Ленин көчөсү, "Ала-Тоо" соода борбору);
10. Кербен шаары (Ниязалы көчөсү, 24).

Кардарларды тейлөө өнөктөштүк кеңселер мурдагыдай тартипте иштейт. Иштөө тартибиндеги өзгөртүүлөр өнөктөштөр тарабынан кабыл алынат.

Скай Мобайл компаниясы белгилегендей, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды аныктоо ырасында эле оор болуп жаткандыктан, жогорудагыдай чектөөлөрдү киргизүү бизнестеги жарандык жоопкерчилик.

Компаниянын республика боюнча бардык кеңселери санитайзерлер, градусниктер менен камсыздалып, тынымсыз дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле кызматкерлер медициналык маска тагынып иштеп жатышат.

Байланыш учурунда үзгүлтүк жаралып калбашы үчүн абоненттерибизге мурдагыдай кызмат көрсөтүүнү камсыздоо үчүн бардык күч-аракеттерибизди жумшап жатабыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.03.2020. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Учурдан пайдаланып билайнга Рахмат айтып койоюн Ош окуясында студент элем элге бекер бирдик салып Берген керегиме коп жараган ошо бирдик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: