super.kg logo

Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө. Бул боюнча 18-марттагы кабарлардын ток этерин эле окугуңуз келсе...

 

18-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргыз өлкөсүндө коронавирус алгачкы ирет катталганын билдирди.

Коронавирус жуктуруп алган 3 Кыргыз жараны өткөн аптанын бейшемби күнү, 12-мартта саат 20:57де «Эйр Арабия» авиакомпаниясынын рейси менен Сауд Арабиядан «Манас» аэропортуна учуп келген. Чартер каттамдын номери ABY 345. Умра зыяратынан кайтып келе жаткандар менен кошо аталган бортто 135 жүргүнчү болгон. Анын бардыгы табылып, карантинге алынды.

Коронавирус аныкталган 3 Кыргыз жараны обсервацияга алынган эмес. 12-мартта республикалык штаб коронавирустун чыккан учуру катталган өлкөлөрдөн келгендердин бардыгы 3 категорияга бөлүнөрүн маалымдаган. Сауд Арабия 3-категориянын ичинде болчу. Аталган өлкөлөрдөн келсе, баштапкы текшерүүгө алынып, андан ары үйүнө коё берилет деп айтылган.

Үчөө тең эркек, бири 70 жашта, экинчиси 1958-жылкы, үчүнчүсү 1974-жылы туулган. Алар Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Благовещенка жана Бостон айылынын тургундары.

Коронавирус жуктуруп алган Кыргыз жарандарынын абалы канааттандырарлык. Алар Жалал-Абаддагы ооруканалардын биринде дарыланып жатышат.

Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бир катар чектөөлөр Благовещенка, Орто-Азия, Бостон айылдарына киргизилди.

19-марттан баштап Кыргыз өлкөсүнө бардык чет элдик жарандарга кирүүгө тыюу салынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
19.03.2020. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Самалеттен келгендерди карантинге алдынар ал эми алар келип бишкектен жалалабадка чейин кеткен машынадагылардыда карантинге алдынарбы? Кесе керек бир степте 7адам андан сон той откозсо баарын алыш керек
19.03.2020. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
aerforce,Бишкектен туз эле Джалга барбагандыр,жолдо токтоп чай ичкендир.Айта берсе версиялар толтура,эн коркунучтуусу вирустун узак аралыктан да жугуусу,тамактанганы токтогондо деле(ал жерде ар кайсы багыттагы адамдар болот) бир помещенияда канчоосу отурду.Канчоосу ал абадан дем алды!?
Бишкектен эле вирус бар экендигин билгенде кооптонуу азыраак болмок,бирок булар уже коп адамдар менен контактта болуптур.Эми мындан арысын да коро жатаарбыз))))
Sakura715 түзөттү 2020-03-19 06:09:34
19.03.2020. 06:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сузак районунун Благевещенка жана Бостон айылдары гана карантинде азыркы учурда.
19.03.2020. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аэропортто эмнеге текшерген жоксуңар?келгенде эле үйүнө жөнөтүп жибербей карантинге албайт белеңер? келип элге той берген экен алар өнүккөн өлкөлөрдө адамдар өлүп жатат биз кыйратып жатабыз дединер элего?
19.03.2020. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аэропорттогу кызматкерлердин шалаакылыгы,кайдыгерлиги,тоготпостугу.
19.03.2020. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ika8086, сразу эле могул адам жугузуп алды деп оорунун белгилери айдан ачык чыга калбайт. Албетте кайдыгерлик кыргыздын канында бар. Бирок башка оорулардан айырмасы организмде копко кармалып анан 12-20кундон кийин билинет
19.03.2020. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аларга уруксаат берген муфтият, келгенде текшербей өткөрүп жиберген аэропорттун кызматкерлерин баарын жоопко тартыш керек, кайдыгерлик мунун баары. Кичинекей баланын ишин кылышат, дүйнө эли кооптонуп отурса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: