super.kg logo

Карантин бул каникул эмес! Башкы прокуратура карантиндин эрежесин сактабагандар жазага тартыларын эскертет

 

Коронавируска байланыштуу Кыргыз өлкөсүндө карантин жарыяланганына байланыштуу Башкы прокуратура жарандардан карантин эрежелерин сактоону жана негизсиз азык-түлүктөрдүн баасын жогорулаткандар жазага тартыларын эскертет. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

"Коронавирус инфекциясынын дүйнөгө таралуусу, анын арасында Кыргыз өлкөсүндө катталганына байланыштуу Башкы прокуратура турмуш-тиричиликке зарыл болгон азык-түлүктүн баасын негизсиз жогорулаткандарга жана карантин учурда эрежени бузгандарга эскертүү берет.

Азык-түлүктүн баасын негизсиз жогорулаткандар 216-берене (монополисттик аракеттер же атаандаштыкты чектөө) боюнча кылмышка тартылат.

Ал эми өлкө аймагында жарыяланган карантинге байланыштуу эрежени сактабай, башка адамдарга вирусту жуктурган учур катталса, күнөөлүү тарап 280-берене (атайылап же этиятсыздыктан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган, байкабастыктан массалык ооруларга, адамдарды уулантууга же болбосо ири зыян келтирүүгө алып келүү) жана 127-берене (атайылап же этиятсыздыктан санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган, байкабастан ден соолукка зыян келтирүүгө жеткирүү) боюнча жазага тартылат.

Учурда укук коргоо кызматкерлери тарабынан 19 факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле азык-түлүк (ун, кумшекер) баасын негизсиз жогорулаткан 9 учур катталган. Андан сырткары коронавирус инфекциясы боюнча жалган маалымат тараткан 2 факты, чет өлкөлүк жарандын коронавируска текшерүү үчүн медициналык текшерүүдөн баш тарткан 1 учур катталган. Аталган фактылар боюнча учурда изилдөө иштери жүргүзүлүп, Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынган"
, - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
19.03.2020. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдар үйдө болгон менен ата-энелери жумушка барып жатат, алар көчөдөн жуктуруп келиши мүмкүн го, ошол жагы каралса жакшы болмок
19.03.2020. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошту көзөмөлгө алгыла негизсиз кымбаттатып жатат азык түлүк жана дары дармектерди.
19.03.2020. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токтогул шаарында дары азык тулук кымбат аны ким козомолго алат? Дарылырды 50 сомго кымбат сатып атышат.
19.03.2020. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздар аз эле калкпыз. 1 ай карантинге чыксак болот. Мамлекет аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү 1 ай бакса, калганы эптеп турмуш курап турат. Эс алсак жакшы болмок баарыбыз)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: