Медициналык бет каптар ар бир адамга 3 даанадан паспорт менен сатыла баштады
Бүгүн, 19-мартта Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйын берүүдө.
Жыйында министр медициналык кызматкерлер тарабынан коронавирус жуктургандар менен контактта болгон бардык жарандарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.
"17-18-мартта өлкө боюнча 630 миң бет кап таратылды. Алардын баасына 10 сомдук чек коюлду. Мындан ары жарандарга 3 даана бет кап паспорт аркылуу берилип жатат. Мындан тышкары бет каптарды тигүү боюнча өндүрүш иштеп жатат. Ошто дагы бир компания көп жолу колдонуучу бет каптарды чыгаруу боюнча иш жүргүзүүдө. Алар бир гана түштүк аймакты эмес, башка аймактарды дагы камсыздай алышат", - дейт министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Биз даярбыз, биз соопсонун текшерип атабыз деп отуруп жарыялап, баары ашмалтайы чыгып бутту. 2 айыл ЧС деп отурат. Алардан сырткары контактта болгон канча адам сыртта журот. Кыргыз да Космосбек менен Арстан Алайга ишенип журуп алды да.