super.kg logo
  Саясат  

Калкты жана турак жай фондун каттоо бир айга кеч өтөт

 

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жана парламенттин фракция жетекчилери менен өлкө аймагына коронавирустун киргендигине байланыштуу учурдагы абалды талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Депутаттар менен жолугушууда калкты жана турак жай фондун каттоо бир айга кеч, тагыраак айтканда, 2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейин өтөөрү айтылды.

Төрага Дастан Жумабеков, фракция лидерлери коронавирустун өлкөгө киришине жол бербөө үчүн күрөштө жана аны аныктоодо медиктердин талбаган эмгегин белгилешип, мындан ары да бийликтин бардык бутактарынын эриш-аркак биргелешип иштөөсүнө сунуштарын беришти. Ошондой эле фракциялардын бири дарыгерлерге жардам катары бир айлык эмгек акыларын которуу чечимин кабыл алгандыгы айтылды.

Депутаттар мамлекет башчысынын коронавируска байланыштуу кайрылуусун колдоого алышып, анын өз маалында болгондугун белгилешти.

Жолугушууда өлкөнүн ар бир жараны өзүнүн жана айланасындагылардын саламаттыгын сактоо боюнча чараларга жоопкерчилик менен мамиле кылышы керектиги өзгөчө белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: