super.kg logo

12-мартта Сауд Арабиядан учуп келген 144 жүргүнчү кайсы облустун тургундары экени айтылды

 

Бүгүн, 19-мартта Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус боюнча маалымат жыйын берүүдө.

Жыйында министр 12-марттагы Сауд Арабиядан учуп келген жүргүнчүлөр кайсы облустардын тургундары экенин айтты.

"Жалпы 144 жүргүнчүнүн ичинен: Баткен боюнча 8 адам, Жалал-Абад боюнча 48 адам, Ош 63 адам, Чүй 4 адам, Бишкек 19, Нарын 1 адам, Ысык-Көл 1 адам. Булардын ичинен рейстеги 5 адам ооруканада жатат. Калгандары обсервацияда байкоодо.

Дагы бир жолу айта кетейин, биринчи алынган анализдер боюнча кечээ айтылган 3 адамдан гана коронавирус чыкты. Калган жарандардын инкубациялык мөөнөтүн күтөбүз. Андыктан булар дагы ооруну жуктуруп алган деп түшүнбөш керек. Алар болгону 12-марттагы каттам менен учуп келгендер
", - деди Космосбек Чолпонбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: