super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр: "Дүйнөдө коронавирустун жайылышы бюджетибизге терс таасирин тийгизе турган маселе болду"

 

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулууда.

Баяндаманы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жасап жатат.

"Мамлекетибизге чоң сыноо келди. Адамдар аны кантип көтөрүп кетет? Бул биринчи көйгөйлүү маселе. Бул адамдардын ден соолугуна жана мамлекеттин экономикасына таасир тийгизет. Бюджетибизге терс таасирин тийгизе турган маселе болду.

Кытайда вирус чыккандан тарта өкмөт иш-чара, мониторинг жүргүзүп, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен тыгыз иштерди күчөттүк. Чек ара аэропорттордо көзөмөлдү күчөттүк. Тышкы соода жүгүртүүгө алакасы бар мамлекет менен болгон чек араны жаап коюу өлкөгө терс таасирин тийгизди. Ден соолук баарынан кымбат деп ушундай чараны кабыл алдык", - дейт өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: