super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы: "Бет кап жетпей жатканын моюнга алабыз"

 

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бет кап жетпей жатканын моюнга ала турганын айтты.

"Умрага барган 144 жаранды тактадык. Алар ким менен байланышкан? Ыйык жерден келгендердин абалын сураганга барышкандар да бар. Тизмесин чыгарып жатабыз. Тизмени тактап бүткөндөн соң кийинки кадамдарды жасайбыз.

Казакстанда, Өзбекстанда коронавирус катталганда чек араны жапкан. Ишкерликке бүт шартын түзүп берели деп сүйлөштүк. Чек коюу, киргизбей коюу, сооданы токтотуу деген чечим жок. Казакстандан дан азыктары келет. Нанга байланышкан көйгөй жок. Мамлекеттин запасы бар.

Алдыда турган маселе ооруну жайылтпоо жана экономикага келген түйшүктөн чыгуу болуп саналат. Сунуштар берилип жатат. Сунуштарды кабыл алганга чогуу иштегенге даярбыз.

Бет кап жетишпей жатканын моюнга алабыз. Бет кап Кытайдан чыгат экен. Учурда Ош шаарында жана Бишкекте ишкерлерибиз бет кап жасап жатышат. 70 миңден ашык бет кап чыга баштады", - дейт өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: