super.kg logo
  Саясат  

Депутат Сулайманов: "Тышкы карызды төлөө боюнча каникул сурашыбыз керек"

 

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов тышкы карызды төлөө боюнча каникул суроо керектигин айтты.

"Бул илдет Кыргыз мамлекетинен пайда болгон жок. Кытайдан келди. Бул илдетти өнүккөн өлкө дагы тосо алган жок. Бүгүн бири-бирибизди сындай турган эмес, бириге турган күн. Өкмөттүн ишин жылдырганга ар бирибиз аракет кылышыбыз зарыл. Өзүбүздү сакташыбыз керек. Коронавирус менен дүйнө күрөшүп жатат. Бул илдетти жеңишибиз шарт. Баарыбыз кайраттуу болуп, илдет менен күрөшүү керек. Ден соолук биринчи орунда деген бул талашсыз. Өкмөткө сунуш бардык көйгөйдү экиге бөлүп кароо керек. Саламаттыкты сактоо жана экономика маселеси деп экиге бөлүү зарыл. Быйылкы жыл оор жыл болуп жатканын көрүп жатабыз, медицинага көңүл бурушубуз керек. Медицина кызматкерлерине кошумча айлыктарды көбөйтүшүбүз абзел. Медициналык окуу жайлардын мугалимдерин ишке тартышыбыз керек. Кытайдан кеңеш сурап, алар кетирген кемчиликтерди кетирбөө зарыл. Насыя алгандарга каникул жарыялоо шарт. Ошону менен катар эле тышкы карызга дагы каникул сурашыбыз керек", - дейт Сулайманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: