super.kg logo
  Саясат  

Бабанов дарыгерлерди жана пенсионерлерди колдоо үчүн 5 миллион сом бөлүп берет

 

Мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов дарыгерлерди жана пенсионерлерди колдоо үчүн 5 миллион сом бөлүп берет. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Биздин өлкөбүз, дүйнө жүзү бул коркунучтуу оору менен алышууга аргасыз. Коронавируска каршы күрөштү жөнөкөй жараныбыз да, ишкерибиз да колдоого алышы керек.

Бүгүн элибиз үчүн колдон келген жардамды көрсөтүүнү мен да жарандык милдетим деп эсептейм. Андыктан биз 5 миллион сом бөлүүнү чечтик. Анын ичинен баатыр дарыгерлерибиз үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине 3 миллион сом бөлүнөт. Ал эми 2 миллион сом 2000 пенсионерлерибизге 1 000 сомдон дары-дармектери үчүн которулат. Биз сөзсүз бул абалга туруштук берип, мурдагыдан дагы күчтүү чыгабыз", - деп жазылат анын билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: