super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Коронавирусту шылтоо кылып, умрага барып келгендер ооруганын айтып, динибизге көө жапкысы келгендер болуп жатат"

 

"Коронавирусту шылтоо кылып, умрага барып келгендер ооруганын айтып, динибизге көө жапкысы келгендер болуп жатат" деп бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров билдирди.

"Дүйнө жүзү туруштук бере албай жаткан илдетке өкмөттү күнөөлөгөнүбүз туура эмес. Ушундай кырдаалда өкмөттү колдоп, бирдиктүү иш кылышыбыз керек. Дүйнө жүзү бул илдет боюнча эки айдан бери күрөшүп жатат. Бул илдеттин кулагы, көзү, чек арасы жок экен. Сабырдуулук, биримдик менен коронавирусту жеңебиз. Тартипти сактайлы. Биз тараптан кандай чечимдер керек?" - деп депутат премьер-министрге кайрылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Азыр биз баарын тастыктап жатабыз, сиздер тараптан жардам керек. Моралдык жактан, саясий жактан колдооңуздарга муктажбыз", - дейт.

Депутат түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты. "Бул күндөр да өтөт, жашоо улана берет. Элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек. Ооруну шылтоо кылып биздин динибизге көө жапкысы келгендер бар. Мындай илдет дүйнө жүзүнүн баарына таркашы мүмкүн. Жарандарды туура түшүнүгө чакырам", - дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: