super.kg logo
  Спорт  

Футболчу Илкай Гүндоган: "Бул күндөр жашоодо чыныгы баатырлар ким экенин көрсөтүп жатат"

 

Германия курамасынын жана англиялык "Манчестер Сити" футболдук клубунун жарым коргоочусу, 29 жаштагы футболчу Илкай Гүндоган коронавирус оорусун алдын алуу үчүн тынбай иштеп жаткан дарыгерлерге, саламаттыкты сактоо тармагында иштеген кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал массалык маалымат каражаттарына маек берип жатып билдирген.

"Албетте, бул убакыт бардыгы үчүн оор болуп турат. Мен чындыгында команда менен чогуу машыгууну, оюнга чыгып жаткандагы сезимдерди сагындым. Бул күндөр жашоодо чыныгы баатырлар ким экенин көрсөтүүдө. Бул футболчулар жана спортчулар эмес. Азыркы тапта медицина кызматкерлери өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салып, биздин ден соолугубуз үчүн кам көрүшүүдө. Алар баатырлар. Алар биздин өмүрүбүздү сактап жатышат", - деп билдирген футболчу.

19-мартка карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 217 миң 247ге жетти. Алардан 84 миң 83 адам айыгып ооруканадан чыкса, өлүмдүн саны 8 миң 784кө жетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: