super.kg logo

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Сузак районуна барды

 

Жалал-Абад облусуна ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында барды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда ал облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы өзгөчө кырдаал киргизилген айылдарга жугуштуу илдет тарап кетпешине байланыштуу коюлган атайын блок постторду текшерүүгө алды.

Ал посттордо турган милиция кызматкерлери менен жолугуп кошумча нускамаларды берди. Министрдин биринчи орун басары кызматкерлерди карантинге алынган аймакка тыкыр көзөмөл жүргүзүү керектигин жана мыйзамдуулук менен иш алып барып, элдерге сылык мамиледе кырдаалды туура түшүндүрүү керектигин белгилеп, өздөрүн дагы жугуштуу оорунун алдын алууга чакырды. Благовещенка, Орто-Азия жана Бостон айылына 19 пост коюлат. Ошол жерлерде чектөө болот.

"Учурда мамлекет башчыбыз, өкмөт жарандарыбыздын ден соолугун сактоо багытында бардык ыкчам керектүү иш-чараларды көрүүдө. Медициналык кызматтардын бардыгы элибиздин саламаттыгын сактоо үчүн күнү-түнү иш алып барууда жана аны дарылоого толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.

Мына ушундай кырдаалда мен дагы сиздерге кайрыламын. Биз, Ички иштер министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте коомдук тартиптин сакталышына жооптуубуз. Биз түшүндүрүү иштерин күчөтөбүз. Ден соолукту сактоо, жугуштуу оорудан сактануу боюнча дарыгерлердин айткандарынын бардыгын толук сактап, бекем тартипте карманышыбыз зарыл", - деп билдирген Өмүрзаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: