Саламаттыкты сактоо министри: "Сузакта иштеп жаткан медицина кызматкерлери дагы көзөмөлдө"
Бүгүн, 19-мартта Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйын берди.
Жыйында министр обсервацияга жаткандарды карап жаткан жана өзгөчө кырдаал жарыяланган Сузакта иштеп жаткан медицина кызматкерлери дагы көзөмөлдө экенин белгиледи.
"Атайын коргонуучу кийимдер коронавирус аныкталган жарандар менен иштөөдө колдонулат. Калган башка учурларда медициналык бет каптар жана кол каптар менен иш алып барышат. Албетте, медицина кызматкерлеринин коопсуздугун карап жатабыз", - дейт министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.